Ат-Башы районундагы Талды-Суу жана Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 26-июлга белгиленди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 4-июлда билдирди. Аталган айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо 28-июнга белгиленип, бирок жергиликтүү кеңештин депутаттарынын аз катышуусунан улам кворум жок, шайлоо өткөн эмес. Ал эми Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырмасы берилди.