Декларация: Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин биринчи орун басары Гуламжан Анарбаев “2012-жылдагы кирешем 971 312 сом болду” дейт

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу декларация тапшырууда. Алардын катарында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин биринчи орун басары Гуламжан Анарбаев да бар. Бул мамкызматкердин 2012-жылы тапкан кирешеси 971 312 сом болуптур. Кыймылдуу мүлкү тууралуу декларацияга эч нерсе көрсөтпөсө, кыймылсыз мүлкү 0,6 гектар жерди ээлеген үйү бар экенин жазды. Ал эми анын жакын туугандарынын жылдык кирешеси көрсөтүлгөн эмес, алар да 0.6 гектар аянттагы үйгө ээлик кыла турганы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан