Баткен облусунун расмий символикалары - гимн, желек жана герб кабыл алынды. Облустун гимни болуп эми КРнын Эл артисти Апаз Жайнаковдун "Кыргыз жери" аттуу ыры эсептелет. Гербди сүрөтчү
Сайдимар Султанмуратов иштеп чыкса, желектин автору - Абдижапар Маткайымов.