Санжар Икрамов өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.