Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев 4-июлда Түп районунун тургундары менен жолугушуп, анда "Күрмөнтү" цемент заводун оңдоп-түзөп, ишке киргизүүнүн бирдиктүү жолун табууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады. Айтымында, "Күрмөнтү" заводу ишке кирсе, 300 жаран жумуш орду менен камсыз болот. Ошондой эле "Кумтөр" ишканасы ушул заводдон цемент сатып алмак. "Заводду калыбына келтирүү тууралуу ой-пикириңерди күтөм",- деп билдирди облус башчы.