Алмазбек Атамбаев: "Коррупция менен дин - курч көйгөй. Буларды Коргоо кеңешинин жыйынында кароого азырынча эрте"

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев бүгүн, 5-июлда Коргоо кеңешинин мүчөлөрүн коррупция менен күрөшүү маселесин кароого чакырды. Ал президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып: "Март айындагы Коргоо кеңешинин жыйынында энергетика маселесин карап жатканда, апрель айында коррупция менен күрөшүү маселеси карала турганын айттыңыз эле, бирок ушул кезге чейин карай элекпиз. Буга ким каршы болуп жатат, ким жоопкерчиликтен качып жатат?",- деди.  

 Буга Алмазбек Атамбаев: "Ким тоскоолдук кылып жатканын өзүңөр деле көрүп жатасыңар. Шек саноолор болсо, мен Кудай алдында тазамын. Коррупция - өтө чоң маселе, азырынча кароого даяр эмес. Аны менен күрөшүүнүн бир жолу - алдын алуу. Биз көйгөйдү чечүүдө ушул ыкманы колдонушубуз керек",- деп жооп берди.  

Өлкө башчы "коррупция жана дин - өтө курч көйгөй. Алар сентябрь айында каралат" деп кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан