Кыргызстанда Коргоо министрлигин реформалоо маселеси каралууда

“Жаңы аскердик доктринасын кеңири талкуулап, бекитебиз”,- деди бүгүн, 5-июлда мамлекеттик резинденцияда өткөн Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында президент Алмазбек Атамбаев. Бул документ Кыргызстандын аскердик коопсуздугу жана мамлекетти коргоону камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ экендигин айткан өлкө башчы Коргоо министрлигин реформалоого убакыт жеткендигин кошумчалады. Айтымында, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн башкаруунун Бирдиктүү борборун түзүү зарылчылыгы каралган. “Кыйын кырдаалда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ич ара кызматташуусунун чабалдыгы жалпы мамлекеттик башкаруунун эң талуу жери экендигин акыркы жылдардагы тажрыйбабыз тастыктады”,- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан