Нарын. Медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Бүгүн, 5-июлда Нарын шаарында медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев, шаардык кеңештин депутаттары, Нарын районунун акими, Нарын облустук ооруканасынын башчысы Муратбек Атбаев катышып, ак халатчандарды куттукташты. Аларга Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар, Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын төш белгилери тапшырылды. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан