Кечээ Кара-Балтада жаш ишкерлер үчүн медиа тур өткөрүлдү
Кечээ Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги (USAID) Кара-Балта шаарындагы жаштар иштеткен ишканалар менен таанышуу үчүн медиа тур өткөрдү. Аталган агенттиктин «Jasa.kg»долбоору аркылуу колдоого алынган
Эл аралык жаштар фондусу жаштарды бизнес жүргүзүүгө үйрөтүп келет. 2012-жылдын апрель-июнь айларында Жалал-Абад, Кара-Балта,
Ош жана Бишкектин жаңы конуштарынан келген 350дөн ашуун жаштар айыл жергесинде
ишкердикти өнүктүрүү боюнча курска катышып, өздөрүнүн бизнес- долбоорлорун тартуулашкан. Болжол менен
200гө жакын бизнес-долбоорлор каралып, алардын ичинен 31и тандалып, өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн 500 доллар өлчөмүндөгү каражат алышкан. Кара-Балтадагы бизнес-долбоордун бири кагаздан жасалчу көркөм чыгармаларга (рюше) арналган болсо,
экинчиси англис тили боюнча өттү. Ишкердик курсунан өткөн Кара-Балта шаарынын студенти Азиза Халбекова грант алууга жетишкен өз долбоору тууралуу мындай дейт: “Биз рюше искусствосун
коомчулукка жайылтабыз. Бул Европа өлкөлөрүндө кеңири тараган жана ал бул
жердеги көптөгөн жаштарды бош убакытта кагаздан чыгармаларды жасоогo тартат”.