ЭЛДИК КАБАР: "Сокулукта жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. 20 метрдей аралыкта турган инспекторлор өз иши менен алек"

Бишкек-Ош унаа жолунун Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы тилкесинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Жол чырак иштебей бул жакта унаалар чоң жолго чыга албай кыйналып жатышат. Болжол менен 20 метрдей аралыкта жол кыймылын көзөмөлдөй турган кызматкерлер өз иши менен алек", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Иштебеген жол чырактан алыс эмес жерде инспекторлор иштеп жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Koichuman
2018-10-03 11:40:56
Кормоксонго салып чонтогуно иштеп атат да!
0
juma11anara
2018-10-03 17:32:26
Элдик кабардын жеңүүчүсү сен болосуң буюрса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан