Жалал-Абад. Мыкты медицина кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш тарабынан ак халатчандардын кесиптик күнүнө карата 30 медицина кызматкери сыйланды. Аларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

"Өмүр сакчылары ар дайым адамдардын ден соолугуна кам көрүп, ажал менен күрөшүп келишет. Сиздердин сыймыктуу жана түйшүктүү ишиңиздерде дайым ийгиликтер болуп турсун. Мамлекетте сыймыктанып атын атачу дарыгерлерибиз арбын. Алардын бир гана кыргыз элине эмес, эл аралык аренада да орду чоң",- деди шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан