Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 5-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз eлуттук филармониясында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын дарылоо-профилактикалык мекемелеринин мыкты кызматкерлерине дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле "Мыкты медициналык жамаат" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты. Салтанаттуу кечеге саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чаранын калган бөлүгү концерттик программа менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан