Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков айлыгы 30 миң сом экенин айтты. Ал билдиргендей, жумушка байланыштуу башка кошумчалар менен бирге айына 45-46 миң сом айлык жазылат, бирок салыкка кармап калуудан соң аталган суммадан аз акча колуна тиет. "Ар бир депутат көпчүлүккө үлгү катары кызмат кылышы керек. Ошон үчүн декларация тапшырып жатабыз. Мен иштеп турганда коомчулукка ачык болууга мүмкүн болушунча аракет кылабыз",- деп кошумчалады спикер.