Дыйкандарга суу жетпей жатса, Бишкектеги дарактарды сугарууда суунун жарымы көчөнү каптап жатат

“Ишканабыздын алдын суу каптап, кишилер кирип-чыга албай жатышат. Мындай көрүнүш былтыр дагы болгон. Суу керексиз эле жерди каптап көчөдө жатат”. Шаардагы Логвиненко-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ишканалардын биринин өкүлү Ирина Сергеева ушуларды айтты. Көчөдөн өтүп бара жатып ушул көрүнүшкө туш болдум. Чынында ал жерде агып жаткан сууну көзөмөлдөгөн адам жок экен, ары-бери карап таба албадык. Дарактарды сугаруу үчүн бөлүнгөн суу асфальт жолду каптап жатыптыр. Ал эми "Жашылдандыруу" ишканасынын директору ордунда эмес экен, башкы агроному Сергей Ивановго телефон чалсак, "ушул эле жетишпей жатты эле" дегенсип өчүрүп койду. Кийинки чалууларыбыздан пайда чыкпады. Сууну үнөмдүү пайдалануу деген да нерсе бар эмеспи, асфальт "соруп" жаткан сууга зар болуп, айрым сейил бактарда далай бак-дарактар саргайып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан