Каракол дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктап, объект эксплуатацияга өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Каракол дарыясынын (№4 дамбадан көпүрөгө чейин Пржевальск көчөсү) жээгин бекемдөө иштери аяктап, 3-июль күнү объект Каракол мэриясынын балансына жана эксплуатацияга өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Аталган өзгөчө кырдаалдарды алдын алуучу иш-чара ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетин жоюу департаменти аркылуу аткарылды. Аткарылган авариялык-калыбына келтирүү иш-чаранын натыйжасында Пржевальск көчөсүндө жайгашкан 25 турак жай корголот. Бардыгы болуп коргоочу дамбанын узундугу Каракол дарыясынын оң жээги  415 метр, ал эми сол жээги 58 метрди түзөт. Чукул кырдаалдарды алдын алуучу иш-чара 2012-жылы башталып, суук түшкөндүктөн объектиде иш убактылуу токтотулуп, 2013-жылга калтырылган. 2013-жылы март айында жумуш улантылып, учурда аталган участокто жумуш аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан