Ысык-Көл. Шайлоонун коопсуздугун 376 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 1130 мүчөсү камсыздайт
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев төрагалык кылган селектордук жыйында Ысык-Көлдөгү жергиликтүү
кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө уюштуруучулук-техникалык маселелер жер-жеринде толугу менен чечилгенин билдирди өкмөттүн
ыйгарымдуу өкүлү М. Асанакунов. Белгилей кетсек, жыйын облустук коопсуздукту
коргоо мекемесинде атайын орнотулган экранда түз байланыш аркылуу жүрүп, анда өлкөдөгү бардык облустардын жетекчилери
катышты. Ыйгарымдуу өкүлдүн басма сөз
катчысы Алтынбек Давлетовдун билдиргендерине таянсак, шайлоо күнү облус
боюнча шайлоо участкаларында 376 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 1130 мүчөсү коопсуздукту сактоо үчүн кызмат
өтөшөт.