Депутаттар Ан-24 учагы мурда 40 жүргүнчү ташыса, азыр андан 2-3 эсе көп ташып жатканын айтып чыгышты
ЖКнын депутаты Абдыжапар Бекматов учурда учак билеттеринин баалары себепсиз кымбаттап жатканын айтып, авиакомпанияларга чара көрүш керектигин билдирди. "Учурда Ош-Бишкек багытында учкан Ан-24 учагына билеттин баасы 1800-2500 сом. Мурда бул учак салонуна 40 эле пассажир алчу, азыр андан 2-3 эсе көп эл ташыйт, бирок баасы абдан кымбат. Бул - элдин укугун бузуу",- деди депутат.