Кенжебек Бокоев "Абдулла Юсуповго байланыштуу
видеотасма элге көрсөтүлбөшү керек болчу" дейт
Бүгүн депутат Кенжебек Бокоев кечээ "Ата Мекен" фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Абдулла Юсуповго байланышкан видео тууралуу сын айтты. "Ал сурак кылмыш ишинин негизинде ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн. Аны элге ачык көрсөтүүгө болбойт. Тергөөнүн сыры, тергөөчүнүн жоопкерчилиги деген кайда калды? Муну министр менен бирге изилдеп чыгыш керек",- деди Бокоев. Белгилей кетсек, кечээ ЖКда Абдулла Юсупов менен абакта бирге отуруп чыккан Нургазы аттуу адамдын тергөөдөгү көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.