Түп райондук сотунун судьясы Айдарбек Алымкулов мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду

Айдарбек Алымкулов Ысык-Көл облусундагы Түп райондук сотунун судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. “А.Алымкулов жөнүндө” жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Айдарбек Алымкулов өз каалоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.  Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан