Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда жааган жаан бир нече турак үйгө зыян алып келген

Кечээ, 7-июль күнү саат 08:15 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Көк-Ой чегинде катуу жамгыр жаап, шамал болуп өткөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Натыйжада 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирип, 1 турак үйдүн сарайларын суу каптаган. Ошондой эле Көк-Ой каналынын 50 метр жерин суу каптап кеткен. Мындан сырткары 1 турак үйдүн 50 чарчы метр профнастилин шамал учурган. Көк-Ой аймагындагы 3,5 гектар арпа, буудай жана картошканы суу каптаган. Барскоон айылы тарабынан 1 жүктөгүч унаа жана 20 адам тазалоо иштерин жүргүзүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан