9-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Москва, Логвиненко, Панфилов, Манасчы Сагымбай көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушундагы Кривоносов, Ак-Кайың, Терең-Тоо, Миң-Куш, Кара-Коо көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул эле убакытта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылынын Новый, Марат, 8-Март, Лесной, Островский көчөлөрүнө электр энергиясын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул чектөө электр тармактарындагы алдын алуу иштерге жана жогорку кубаттуулуктагы “Майская” көмөк чордонун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.