Москва шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу №1-чет элдик жарандарды кармоочу жайда 71 кыргызстандык бар. Алардын 7си аялдар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал жердеги кыргыздардын 12синин паспорту жок болуп чыккандыктан элчилик ал жарандарга кайтарымсыз негизде “мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк” даярдап бермекчи. Маалыматка ылайык, кармалган жарандар аталган жайда 1 айга кармалышат. Себеби алардын өздүгүн тактоо, документтерин даярдоо жана айыпталып жаткан кылмыш ишине катыштыгы бар же жок экендигин билүү жана аларды мекенине жөнөтүү үчүн жол кире маселесин чечүү зарыл.