Камила Талиева баштаган кыргыз делегациясы Болгарияда өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

Вице-премьер-министр Камила Талиева Болгарияда ЮНИСЕФтин "3 жашка чейинки балдарды интернаттарда багууга жол бербөө" кампаниясынын алкагында эл аралык конференцияга катышууда. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн маалымдагандай, конференция кечээ башталып, бүгүн аяктайт. "Кыргызстан балдарга кам көрүү, алардан жашоо шартын жакшыртуу үчүн реформаны баштады. Биз бардык балдар өз үй-бүлөлөрүндө жашашы үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз",- деди Камила Талиева аталган конференциянын ачылышында сүйлөп жатып. Ошондой эле Болгарияда өтүп жаткан конференцияга КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов, Өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошева да катышууда. Конференциянын алкагында Кыргызстандан барган делегация эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан