"Жол коопсуздугун камсыздаган инспекторлор өз милдетин мыкты аткарса, биз, ата-энелер балдарыбызга сарсанаа болбойбуз". Мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.
"Талас шаарындагы №1-мектептин маңдайындагы жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдо өз милдетин так аткарган инспектор тууралуу айткым келди. Окуу жылы башталгандан бери аталган мектептин жанында жолдон өткөн унааларды тескеп, биздин балдардын коопсуздугун сактап келет. Бул инспектор кызматын өтөт жатканда биз, ата-энелер балдарыбыз жөнүндө көп ойлонбойбуз, көңүлүбүз ток", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.