Турсунбай Бакир уулу: "Жогорку Кеңеш кайнененин ролун аткарып жатат"
Турсунбай Бакир уулу: "Кыргызда "керегем, сага айтам, келиним, сен ук" деген сөз бар. Бул - кайнененин сөзү. Жогорку Кеңеш ошол кайнене болуп, президент менен өкмөт келин болуп жатат. Биз канча маселе көтөрүп жатабыз, жыйынтык жок",- деди бүгүн ЖКнын жыйынында. Ошондой эле Бакир уулу Ак үйдүн тосмосун алып салуу боюнча депутаттык комиссия түзүш керектигин айтып чыкты. "Ак үйдүн тосмосун алып салалы же Жогорку Кеңештин эски имаратына көчөлү",- деди депутат.