SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Катышуучулардын шамдагайлыгын сыноо максатында бул ирет тоскоолдук аянты тандап алынган.
Эсиңиздерде болсо, буга чейин атактуулар бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндары боюнча таймаш өткөрүшкөн.
Бул ирет атактуулар арасында мелдеш өткөрүү үчүн тоскоолдук аянты тандап алынган. Ага ырчылар Тотомидин Жолдошов, Өктөм Сапар уулу, Мажит, Айдин Шер, Нуркыз Кожонова, Элзар Өскөнбаева, куудул Гүлжайна Атаканова, "Супер сулуу" сынагынын 2013-жылдагы жеңүүчүсү, модель Оруна Шабралиева катышты.
Катышуучулар "Тентектер" жана "Алга" деген 2 командага бөлүнүп, алгач тоскоолдук тилкесинде эстафета түрүндө жарышка түшүп, андан соң таяк тартыш боюнча күч сынашты. Оюндун жүрүшүндө Өктөм Сапар уулу менен Нуркыз Кожонова мындай мелдешке биринчи жолу катышып жаткандыгын айтышса, Тотомидин Жолдошов чуркап бара жатып кулап кетти.
Ал эми Гүлжайна Атаканова атаандаштарын аяп жатканын айтса, модель Оруна Шабралиева атаандаштарынан кем калышпай таймашып, өзүнүн шамдагайлыгын көрсөтө алды.
Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди, кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.