SUPER TV: Аваз Акимов менен Манас Алыкулов "атыша кетишти"

SUPER TV бөлүмүнө ырчы жигиттерден куралган командалар арасындагы эрөөлдү чагылдырган оюн жүктөлдү.

Адреналин оюндарын жылдыздар менен бирге ойнойбуз. Бул ирет пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ырчылар ишке ашырышты. Алардын арасында Аваз Акимов, Дайыр Исмадияров, "Музаман" тобунун солисттери жана шоумен Манас Алыкулов болушту.

Алгач оюндун башында жылдыздар тобу “жоокерлер” жана “басмачылар” болуп эки командага бөлүнүштү. Алар бул аталыштарды өздөрү ойлоп таап, өз командаларына ыйгарышты. Эки команда оюндун кызуусуна кирип, инструктор айткан 8 мүнөттүк оюнду 15 мүнөткө чейин узартып жиберишти. Алар 8-10 мүнөткө чектелген убакыттагы оюндан 3 ирет ойношту. Ар бир оюн кызуу жүрүп, ырчы Аваз Акимов алып баруучу Манас Алыкуловду чекеге атты. Жыйынтыгында кайсы команда жеңишке жетти, видеодон көрүңүз.

Эсиңиздерде болсо буга чейин ырчы Айдана Дека, "тамашоучулар" Урмат Борченов, Элдос Аскарбеков бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта кайрадан Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан.


кошулду
Аваз Акимов менен Манас Алыкулов "атыша кетишти"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
titanik32
2018-09-13 10:36:37
Темаңар да укмуш экен,атышып кетишти деп.Ойлоп кеттим кимсине ок тийип өлдү экен деп.
+10
ZANIA-92
2018-09-14 01:57:28
Супер аябай эле кыйынсынар э! Кантип тема коюшту билесинер.
+2
Sagyn.91
2018-09-14 03:22:37
Тообо.
Булардын атышып тытышып атса деле эч ким конул бурбай калбадыбы!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан