Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, адамдагы адреналин эркектерге караганда аялдарда жогору болот дешет. Биз айрым ырчы жана тамашоучулардын чыдамкайлыгын жана канчалык деңгээлде тобокелчиликке бара алышарын текшерүү максатында экстремалдуу оюндарга тартып көрдүк.
Оюндун шарты боюнча, кыздардан жана мырзалардан чакырып, алардын макулдугу менен бийиктиктен секирүү, коркунучтуу атмосферага курчаган квест жана адреналинге сугарган мотожарыш уюштурууну чечтик. Ырчы Айдана Дека мотоцикл менен сейилдөөдөн баш тартканы менен 60 метрлик бийиктиктен секирүүгө макул болду. Ал эми Алмаз Шаадаев караңгы бөлмөгө квестке кирип, Айдананы байланып турган жеринен куткарды.
Ырчылардын коркунучтуу бөлмөлөрдөгү эмоциялары, бийиктиктен секирүүдөгү сезимдери жана ушул сыяктуу экстремалдуу кадамдарга дагы кайсы атактуулар баргандыгы тууралуу шилтеме аркылуу өтүп, SUPER TV бөлүмүнөн көрүңүз.