Ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов убактылуу кызматынан четтетилген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Айтымында, коомчулукка ММКлар аркылуу таркап кеткен бул маалымат чындыкка жатпайт. “Учурда ички иштер министринин орун басары кадимкидей эле жумуш ордунда иштеп жатат. Анын кызматынан четтетилгени тууралуу маалыматтар туура эмес. Ошондой эле Башкы прокуратура дагы бул маалыматты бербегенин жана мындай чечим чыкпаганын айтууда”,- деди ал. Айта кетсек, бүгүн эртең менен өлкөдөгү бир катар маалымат булактарына Фурхат Үсөновдун ага карата козголгон кылмыш ишине, андагы тергөө иштерине байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилгендиги тууралуу маалымат жарыяланган.