Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. "Прокуратура - өлкөнүн, коомдун, адамдардын кызыкчылыгын коргой турган коомдук институт. Прокуратура - коомдо мыйзам менен тартипти жөнгө салуучу орган. Сиздердин кесиптик майрамыңарда өлкөбүздөгү мыйзамды жана тартипти орнотуп жатканыңыздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерге ден соолук, ишиңерге ийгилик жана бакыт каалайм" деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоо текстинде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан