"Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге кайсы өлкө баш паанек же "саясий качкын" деген документ берсе, ал өлкөнүн АКШ менен болгон мамилеси автоматтык түрдө начарлайт". Бул пикирди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Женнифер Псаки билдирди. "Сноуденге кайсы гана өлкө баш паанек бербесин, ал мамлекет АКШ менен болгон мамилесинде чоң көйгөй жаратып алат. Бул сөз Венесуэлага да тиешелүү",- деди Псаки. Буга чейин Латын Американын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Венесуэла, Боливия, Никарагуа өлкөсү Сноуденди калкалоого даяр экендиктерин билдиришкен болчу. Айта кетсек, Эдвард Сноуден АКШнын атайын кызматынын жашыруун аракеттерин, европалык өлкөлөргө тыңшоо уюштурулуп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги "мамлекеттик менчикке кол салуу" жана "жашыруун маалыматтарды таратуу" беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден учурда Орусиянын "Шереметьево" аэропортунун аймагында баш калкалоодо.