Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын аймагында Каптархана, Тайлан, Узун-Сай суу түтүктөрүн куруу иштери башталды. Бул тууралуу Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев билдирди. Айтымында, долбоордун жалпы суммасы 12 миллион 195 миң сомду түзөт. "Бүгүнкү күндө 9 чакырым узундуктагы линиянын казуу иштери бүтүп, суунун агымын токтотуучу жайлар курулууда. Ошондой эле тоо боорундагы темир түтүктөрдү монтаждоо иштери аяктады”,- деп кошумчалады шаар мэри.