Медет Садыркуловдун иши боюнча соттун өкүмү 26-ноябрда чыгат

Бүгүн 22-ноябрда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда коомчулуктун назарында болгон К.Бакиевдин тушундагы Президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун, Стратегиялык изилдөө эл аралык институтунун директору Сергей Слепченко, айдоочусу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча сот отуруму улантылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн соттолуучу Борбуев Садык акыркы сөзүн айтты. Бардык соттолуучулардай эле Борбуев да акыркы сөзүндө соттон жеңилдетилген чечим чыгаруусун өтүндү. Судья Марлен Тентимишов өкүм жазуу үчүн сот кеңешүү бөлмөсүнө кетти. Өкүмдү 26-ноябрда саат 16:00дө угузары маалым болду. 
Эскерте кетсек, 8,9-ноябрда жарыш сөз өткөрүлүп, мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучу тараптын өкүлдөрү сүйлөштү. Ошондой эле соттолуучулар жана алардын жактоочулары да сүйлөштү. Соттолуучулардын ичинен Молдошев Замирбек, Темирбаев Нурлан, Кожошев Азиз акыркы сөзүн айтышкан. Кийинки сот отурумунда калган соттолуучулардын акыркы сөзү угулат. 15-ноябрда сөз сүйлөй элек соттолуучулардын үчөө Турдукулов Марат, Байжанов Бакыт, Маткаимов Эргеш акыркы сөздөрүн айтышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан