Турсунбек Акун өз укугун коргоо үчүн сотко кайрылды
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун өз укугун
коргоо үчүн Бишкек шаарындагы административдик жана экономикалык иштер
боюнча райондор аралык сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Акыйкатчы
институтунун басма сөз кызматы билдирди. Арызда Акун Жогорку Кеңештин аны акыйкатчылык
кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Ошондой
эле ЖКда түзүлгөн депутаттык комиссиянын токтомундагы акыйкатчынын Азиз
Батукаевди камактан мөөнөтүнөн мурда бошотууга катыштыгы бар экендиги тууралуу пунктун жокко чыгарууну суранууда.