2013-жылдын 6 айына карата “Түндүк электр” ишканасына 3 миллиард 64 миллион кВт саат электр энергиясы келип түшкөн. Бул көрсөткүч мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64 миллион кВт саатка аз. Ишкананын маалыматына ылайык, жарым жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиядагы жоготуулар 17 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ошол эле учуруна салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөн болгон. Ал эми ушул жылдын 6 айына карата калктан төлөм чогултуу 101,6 пайызга аткарылды. Ошондой эле өнөр жай мекемелеринен 98 пайыз, бюджеттик мекемелерден 89 пайыз, айыл чарба мекемелеринен төлөм чогултуу 100,8 пайызга аткарылды.