Сауд Арабиясында дагы бир журналист кыйноолордон улам түрмөдө каза болду

Стамбулдагы консулдуктун жанындагы кудуктан жансыз денеси табылган журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнөн 1 ай өткөндөн кийин Сауд Арабиясында дагы бир журналист жана жазуучу Абдул Азиз аль-Жассер түрмөдө аёосуз кыйноо менен өлтүрүлгөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аль-Жассер 2017-жылы, Kashkool деген жашыруун Твиттердеги аккаунт аркылуу белгилүү кызмат адамдары жана королдук үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жасалган адам укуктарын бузуу фактыларын ачыктап келгендиги үчүн камакка алынган. Анын Твиттердеги аккаунтун аныктаган шпиондордун Сауд Арабиясынын ханзаадасынын мурунку кеңешчиси Сауд аль-Кахтани менен байланышы бар экени айтылууда. Кахтани Хашоггинин өлүмүн иликтөө иштерине байланыштуу кызматынан алынганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, октябрь айынын башында араб журналисти Жамал Хашогги Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Арабиянын башкы консулдугунун имаратына кирип, ошол бойдон дайынсыз жоголгону айтылган. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып, журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.

Көп өтпөй анын жансыз денеси Стамбулдагы башкы консулдуктун резиденциясынын аймагындагы кудуктан табылганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан