Бүгүн, 10-октябрда "Сабах" Түрк басылмасы Сауд Арабиясынын атайын кызматында иштеген 15 адамдын аты-жөнүн жарыялады. Басылмада жазылган маалыматка ылайык, Стамбулга атайын тапшырма менен учуп келген 15 киши арабиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар.
Белгилүү болгондой, 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан. Ошо эле күнү шаарга Сауд Арабиясынан атайын тапшырма менен 15 атайын кызматтын кызматкерлери келишкен. Ал эми сыртка орнотулган видеобайкоочу камерага журналисттин консулдуктун имаратына кирген бойдон чыкпаганы түшүп калган.
Алар консулдуктун мекемесине келип Жамал Хашоггини өлтүрүп, электр араасы менен денесин бир нече бөлүктөргө бөлүп алып чыгып кетишкен. Окуя видеокамерага түшүп калганын, видеожазуу Түркиянын атайын кызматтарына жеткени жазылат басылмада.
Түркиянын бийлик өкүлдөрү Сауд Арабиядан бул иш тууралуу дыкат иликтөөнү талап кылышууда. Ал эми экинчи тарап аларга карата айтылган айыптоолорду четке кагып, алар дагы журналистти издөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтып чыгышты.
Жамала Хашогги акыркы жылдары АКШлык The Washington Post басылмасында эмгектенген. Ал Сауд Арабиясынын бийлигин сындап, Араб монархиясындагы саясий жана социалдык абалды өзгөртүү керек экендигин айтып келген.