Дайынсыз жоголгон сауд арабиялык журналист Жамал Хашоггинин жансыз денеси Стамбулдагы башкы консулдуктун резиденциясынын аймагындагы кудуктан табылды. Бул тууралуу түркиялык "Мекен" партиясынын лидери Досу Перинчек билдирген.
"Мага Стамбулдун укук коргоо органдарында иштеген ишенимдүү булактар Хашоггинин денеси резиденциянын бакчасындагы кудуктан табылгандыгы тууралуу билдиришти", - деген Перинчек.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган журналисттин өлүмү алдын ала пландалганын айтып билдирүү жасаганын чет элдик басылмалар жазышты. Ал өз сөзүндө Стамбулдагы консулдукта болгон операцияны ырайымсыз окуя катары атап, Сауд Арабиядан өлтүрүүгө ким буйрук бергенин аныктоону талап кылган. Ошону менен бирге тергөө иштери жана сот Стамбулда өтүшү керектигин айткан.
Буга чейин араб журналисти Жамал Хашогги Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Арабиянын башкы консулдугунун имаратына кирип, ошол бойдон дайынсыз жоголгону айтылган. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.