Москвада поездге сүйрөлүп каза болгон Кыргыз жаранынын жансыз денеси бүгүн мекенине жөнөтүлөт

Москва шаарында поездге сүйрөлүп каза болгон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн, 9-ноябрда мекенине жөнөтүлө турганын SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү өлүк сактоочу жайдан 14:30да чыгарылып аэропортко жөнөтүлөт. Ал жактан Москва-Ош каттамы менен Кыргыз жерине келет.

Эске салсак, 5-ноябрь күнү Москва шаарында Кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болгону айтылган. Ошондой эле каза болгон жарандын унаа токтотуучу жайда иштегени белгилүү болгон. Ал эми маркум үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгону, ал Москвага апасы, эжелери менен иштегени келгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан