Бүгүн, 11-июлда Бишкек шаарындагы И.В.Панфилов атындагы сейил бакта Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун 120 жылдыгына карата жана 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгына арналган эскерүү митинги болду. Иш-чаранын алкагында Панфиловдун эстелигине гүл коюлгандан кийин мылтык үндөрү жаңырып, 1 мүнөттүк эскерүү орун алды. Андан соң 8-гвардиянын жетекчилери сөз сүйлөп, гвардиялык дивизиянын жоокерлери жана кызматкерлери салтанаттуу параддан өтүштү.