Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча өзүн-өзү камсыздай албаган өлкөлөрдүн катарында

"Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча өзүн-өзү камсыздай албаган өлкөлөрдүн катарында турат. Ирригациянын абалын жакшыртып, өнүктүрүшүбүз керек. Калктын жетиштүү жашоосу айыл чарба азыктарынан көз каранды",- деди айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев 10-июлда Бишкекте өткөн өнүгүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги конференция учурунда. Айтымында, ирригацияны өнүктүрүү жана айдоо жерлерин кеңейтүү үчүн бюджеттен 1,7 миллиард сом каралган. Мындан сырткары 2 миллиард 159 миң сомду донордук уюмдардан суроо пландалууда. Узакбаев Кыргызстан эң төмөнкү көрсөткүч менен алганда 10 миң даана айыл чарба техникасына муктаж экенин да кошумчалады.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан