Ысык-Көл. Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын тазалыгына кам көрүлүүдө

2013-2014-жылдарга пландалган “Таза шаар, дени сак калк” деген ураандын астында Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларын тазалоо иштери башталды. Учурда таза суунун сапатын жакшыртуу, мектептердин дааратканаларын калыбына келтирүү жана шаарды иретке келтирүү иштери жасалып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси Нурдин Темирбеков билдирди. Эске сала кетсек, аталган 3 шаардын мектептериндеги дааратканаларды оңдоого жалпы 1 миллион 100 миң доллар каралган. “Тазалык” жана “Сууканал” ишканалары менен иштешип жатабыз. 2 жылдын ичинде долбоордун алкагында шаарлардын тазалыгын толук кайра калыбына келтиребиз”,- дейт Темирбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан