Депутаттар жана өкмөт өкүлдөрү коомдук ишмер Акун Токтосартовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

ЖКнын депутаттары бүгүн, 11-июлда мамлекеттик жана коомдук ишмер Акун Токтосартовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Төрага Асылбек Жээнбеков Токтосартовдун элине кылган кызматын тизмектеп, анын жакындары менен туугандарына өзүнүн жана парламент депутаттарынын атынан көңүл айтты. Төрага А.Токтосартов Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөргө таанытууга, руханий баалуулуктарды байытууга зор салым кошконун баса белгиледи. 

Белгилей кетсек, 72 жаш курагында дүйнө салган Акун Токтосартов 1941-жылы 15-мартта жарык дүйнөгө келген. 1988-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын маданият министри болуп иштеген. Ал Кыргызстандын маданият, адабият тармагына кошкон салымы үчүн 1970-жылы СССРдин “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, 1995-жылы “Манас-1000” медалдары менен сыйланып, 2001-жылы “КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамын алган, 2002-жылы “Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн” Эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан