Ош шаарынын чет жагына жаңы унаа базары курулуп жатканын Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалым болгондой, базар куруу үчүн атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилип, курулуш иштери башталды. Курулуш иштеринин биринчи бөлүгүнө 5 миллион сом жумшалганын мэриядан билдиришти.