Бүгүн, 15-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Кыргыз жергесинде Ислам академиясы ачылышы мүмкүн. Бул идеяны бүгүн "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аталышындагы II эл аралык конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков айтып, талкууга жем таштады. Анын пикиринде, мамлекет бир динди экинчи динге карама-каршы коюуга жол бербейт. "Мамлекет гана динди жалпы коомдун өнүгүүсүнө карай багыттай алат. Ошондуктан анын дин чөйрөсүндөгү ролу азыркыдан жогору болушу зарыл. Коомдун тынчтыгын, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу үчүн дин менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы формаларын жаратуу зарыл. Медресе, ислам колледжи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү бир системдин тиешелүү тепкичтери болушу керек. Келечекте ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот", - деп түшүндүрдү өлкө башчы.
Ислам академиясын ачуу сунушуна коомчулуктун реакциясы узакка күттүрбөдү. Айрымдар Жээнбековдун идеясын утурумдук популизм деп баалашууда. Саясат таануучу Даниел Кадырбеков диний радикализацияга ислам академиясы менен бөгөт коюу мүмкүн эмес деген оюн билдирди. Анын айтымында, өлкөдө таза систем, атаандаштык, иш орундары жана тегиз экономикалык абал түзүлгөндө гана эл динден алыстап өнүгөт. "Коррупцияга тыгылып, кедейчиликте жашаган эл академияда кайра радикалдашууга барат" дейт Кадырбеков. Президент менен макул болгондор диний агартуучулук зарыл экенин, диний сабатсыздык күч алган үчүн экстремизм жана караңгылык каптап жатканын айтышууда. "Салттуу дин, ишеним ар дайым орун алып келген. Атеизмди бетке кармаган Советтер Союзу деле тоскоол боло алган жок. Ошондон улам бул маселенин туура жагын көрсөтүү - замандын талабы", - дешет айрым жарандар.
Президенттин ислам академиясын ачуу сунушу араб инвесторлоруна чакырык катары кабыл алса да болот. Мектепти чуусуз сала албаган, ансыз да дагы бир топ билим берүү мекемелерин курууга каражат таппай жаткан мамлекеттин чоң академияны салып коюшу кыйын. Албетте, буга ири инвестиция керек болот. Өнүккөн мамлекеттерде заманбап технологияларды ойлоп тапкан борборлор ачылып, космоско туристтерди учурууну ойлонуп жатышканда Кыргыз бийлигинин диний окуу жайын ачууну сунуштаганы өлкө кайда баратканын көрсөтүүдө...
Кыргыз жеринде интернеттин сапатын жакшыртуу жана санариптик системди өнүктүрүү үчүн деп Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 миллион доллар алуу боюнча сунушталган келишим Жогорку Кеңештен азырынча колдоо тапкан жок. Депутат Аалы Карашев интернет тармагын жакшыртууга деп эл аралык каржы уюмдарынан буга чейин 37 миллион доллар алынганын, бирок натыйжа болбогонун эске салды. Ал бул келишимден деле майнап чыгышы күмөн деген пикирин билдирди. Депутат Курманкул Зулушев долбоорго Эсептөө палатасынын корутундусу жок экенин айтты. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев 50 миллион доллар конкреттүү кандай иштерге жумшалары так көрсөтүлбөгөнүн, бул долбоор деле көйгөйдү чечпеген көп долбоорлордун бири болуп каларын айтып чыкты. Ал эми депутат Дастан Бекешев мындай макулдашууларда Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин чочулап калышканын билдирди. “Ар бир депутатка пункттар боюнча акча каражатын кантип чыгым кыларыңар тууралуу маалымат бергиле. Кийин сөз болбосун”, - деди Бекешев. Жыйынтыгында мыйзам долбоору күн тартибинен алып салынды. Тиешелүү толуктоо жана тактоолордон кийин кайрадан каралмай болду.
Аталган келишимде 50 миллион доллардын жарымы насыя, калган жарымы грант катары берилет деп жазылган. Акча алынса, долбоор 2023-жылдын жай айларына чейин ишке ашырылмак. Өкмөттүн алдындагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бул келишим Кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү экенин айтуу менен чектелген эле. Буга карабай парламенттин Эл аралык иштер комитетиндеги депутаттар долбоорду ушул аптанын эле башында бир добуштан жактырышкан болчу. Мындан улам депутаттар өкмөт сунуштаган келишимди толук курамда колдоп, дыкат карабай, күмөндүү жагдайлар, кемчиликтер болсо да аларды өткөрүп жатат деген сындар айтылган. Депутаттар өткөндөн сабак алып баштадыбы же башка ачык айтылбаган себеби барбы, айтор, кредит алууну азырынча кийинкиге калтырышты...
Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Юрист бул маалымат ага аталган штабга тиешеси бар, Жээнбековдон дагы, Атамбаевден дагы көңүлү калган адам аркылуу жеткенин баса белгиледи. Мындай мүнөздөмөгө учурда УКМКнын СИЗОсунда отурган Икрамжан Илмиянов туура келиши мүмкүн. Шайлоодо ал Жээнбековдун штабынын башчысынын орун басары болгон.
"Расмий маалыматтар боюнча, Жээнбековдун үгүт кампаниясына 158 миллион 96 миң 175 сом сарпталган. Чындыгында, 1 миллиард 170 миллион 187 сом жана 6 миллион 855 миң 700 АКШ доллары сарпталганын документтен көрүүгө болот. Бул мыйзам бузуу. Сөз болуп жаткан жагдайлар азыркы президентке импичмент жарыялоого негиз түзөт", - дейт Токтакунов. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына бул маалыматтар жалган экенин айтып, комментарий бербей турганын билдирди.
Токтакунов жарыялаган эсептер боюнча тиешелүү органдар тарабынан иликтөө жүргүзүлүшү зарыл. Коом бул маалыматтар чын же калп экенин билгенге укуктуу. Буга чейин Икрамжан Илмияновго каршы кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын каржыланышына байланыштырган маалыматтар чыккан. Анда шайлоо кампаниясы үчүн чет жердик компаниядан демөөрчүлүк колдоо алынгандыгы тууралуу суроолор жаралган. Бул маалымат тастыкталса, анда шайлоо жыйынтыгына суроо жаралат. Анткени мыйзам боюнча шайлоо кампаниялары сырттан каржыланбашы шарт. Мындай маалыматты коомчулук "аш кылып" бүтө электе белгилүү адвокат шайлоо кампаниясына кетирилген каражат деп файл жарыялап: "Жогорку Кеңеште муну тактоо үчүн комиссия түзүлүшү керек. Аныкталса президентке депутаттар импичмент жарыялашы керек", - деп чыкты. Нурбек Токтакуновдун бул постун "жай жарылуучу бомбага" салыштырган саясатчылар да болду. Эгер президенттикке талапкерлердин бири БШКга көрсөтүлгөн расмий фондго чогулган каражаттан ашыкча акча короткон болсо, ал мыйзам бузуу деп саналат. Демек, шайлоо жыйынтыгына кайрадан суроо жаралат...