Кыргызстанда бойдон алдыруунун 9,3 пайызы 13 жаштан 19 жашка чейинки кыздарга туура келет

Кыргызстанда бойдон алдыруунун 9,3 пайызы 13 жаштан 19 жашка чейинки кыздарга туура келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев бүгүн, 11-июлда маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, статистика боюнча, өспүрүмдөр арасындагы 10 кош бойлуулуктун 7си бойдон алдыруу менен аяктайт. “Ал эми 15-17 жашта төрөгөндөр жалпы төрөттүн 1,2 пайызын түзөт. Эрте кош бойлуулук маалыматтын жетишсиздигинен, өспүрүмдөр арасында өзүн алып жүрүү маданиятынын жоктугунан, ошондой эле жыныстык маданият тууралуу жаштарга айтып берүүдөн уялган чоңдордун кесепетинен болууда”,- деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан