Ош. Дүйнөлүк Универсиададан 3-орунду алган ОшМУнун студентин окуу жай 50 миң сом менен сыйлады

Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада 3-орунду алган Ош Мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Кадыр Кескинбековго окуу жай ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ОшМУнун тарбия департаментинин жетекчиси Замирбек Божонов маалымдады. Айтымында, 11-июлда аталган студентти аэропорттон тосуп алышып, университеттен сыйлык тапшырышты. Окуу жайдын ректору Каныбек Исаков тарабынан спортчуга 50 миң сом, машыктыруучусуна 10 миң сом тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан