Кайрадан бойдок. Евгений Петросян жана Елена Степаненко расмий түрдө ажырашты

Орусиялык түгөйлөр Евгений Петросян жана Елена Степаненко расмий түрдө ажырашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Ажырашуу процесси аягына чыкканын Петросяндын соттогу расмий өкүлү Сергей Жорин билдирген.

"Сот ажырашуу тууралуу арызды канааттандырды. Степаненко сот иштерин созууга аракет кылды. Бирок соттун чечими бардык нерсеге чекит койду. Биз муну кичинекей жеңиш катары бааладык. Петросян мындан ары расмий түрдө бойдок", - деп билдирген Жорин.

Айта кетсек, куудулдардын ажырашып жаткандыгы тууралуу маалымат ушул жылдын август айында чыккан. Анда актриса Петросян менен чогуу жашаган жылдар аралыгында тапкан мүлкүн бөлүштүрүүнү суранган.

Көп өтпөй маалымат булактары 72 жаштагы куудул өзүнүн 29 жаштагы жардамчысы менен сүйүү мамилесинде экенин жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fortuna1987
2018-11-16 14:44:07
Тим эле "Биздин женишибиз" деп укмун иш кылгансып. Меня так раздражает это Европеизация. Уй булону баалоо жоголуп баратат. Аман болушсун.
+2
Fortuna1987
2018-11-16 14:46:38
Эгер эркек 90го чыкса да, бай болсо кары экенине карабай, жаш кыздар "Суйуп калдым" деп тийишет. А 80 жаштагы эч нерсеси жок сантехникти суйуп калган кыздарды коргон эмесмин тобоо.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан