ЭЛДИК КАБАР: "Мурас-Ордо, Салкын, Озёрный конуштары үчүн 1 эле маршруттук каттам бар. Эл суукта кыйналып жатат"

Бишкек шаарынын Мурас-Ордо жаңы конушуна бир эле маршруттук каттам бар. Ал каттам жалгыз эле Мурас-Ордонун эмес, Салкын, Озёрный жаңы конуштарынын да элин ташыйт. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Аталган конуштар үчүн жалгыз эле №206-маршруттук каттам бар. Мурас-Ордодо эле 2000-3000дей адам жашайт. Элдин жумушу шаар ичинде. Ошондой эле балдар, студенттер шаар ичиндеги мектеп, бала бакчаларга, окуу жайларга барып окушат. Маршруттук таксилерде качан болсо эл толтура. Балалуу жүргүнчүлөр жана кары-картаңдарга орун жок, бир буттап туруп азап менен үйлөргө жетмей. Кечинде жумуштарынан кайткан эл маршруттук унаага батпай, кооптуу абал жаралса да тыгылып атып кетишет. Батпай калганы кийинкисин күтүп, суукта аялдамаларда калышат. Анан да маршруттук таксилердин каттам аралыгы жарым сааттан. Бирөөнө батпай калсаң, кийинкисин жарым сааттан ашык күтөсүң. Бизге дагы бир каттам ачып берсе 3 конуштун элине сооп болот эле", - дейт окурман.

Ошондой эле аталган конуштардын эли кошумча каттам же болбосо автобус каттатуу талабы менен эртең, 21-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына митингге чыга турганын кошумчалады.

Бул кабарга алынган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kadam
2018-11-20 11:32:47
Мурас Ордо конушунда 6,5 миң киши жашайт.206-маршруттук каттам өзү билип, каалагандай жүрөт. Муниципалдык автобус жүргүзсө, көйгөй чечилмек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан