Ысык-Көл. Облуста 7 миңдей спортчу, 80 машыктыруучу бар

Учурда Ысык-Көл облусу боюнча 7 миңдей спортчу, 80 машыктыруучу бар. Алардын башын бириктирип, спортко өзгөчө көңүл буруу үчүн жаштар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү менен биргеликте спорттук кеңешме түзүшөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Мындай кеңешме түзүү идеясын ишке ашырууга облус башчы Эмил Каптагаев жардам берерин билдирди. "Биздин жаштар спортко жөн гана кызыкпастан, мелдештерде алдынкы орундарды багындырышы керек. Бир жылга план түзүлүп, мелдештерди, спартакиадаларды өткөрүү мөөнөттөрү жазылуу зарыл. Аны менен катар облустун футбол командасы түзүлүшү керек",- деп белгиледи облус башчы Эмил Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан